"Кыргыз алтын" менен россиялык компания Балыкчыга логистикалык борбор ачат

Балыкчы шаарындагы логистикалык борбордун курулушу
Транспорттук-логистикалык борбор экспедитордук жана транспорттук компанияларга аянтча жана жүк ташуучу автоунаалар үчүн токтоочу жайларды сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. "Кыргыз алтын" россиялык "Эл аралык транспорт академиясы" компаниясы менен биргеликте Баклыкчыдагы автотранспорттук ишкананын филиалынын базасында транспорттук-логистикалык борбор ачууну пландап жатат.
"Кыргыз алтындын" жетекчиси Кубат Абдраимов менен "Эл аралык транспорт академиясынын" вице-президенти Вячеслав Чалов логистикалык борбордун курулуш долбоорун, анын келечеги менен пайдасын талкуулашты.
"Учурда болочок борбордун инфраструктурасын түзүү, кызматкерлер менен экспедиторлор үчүн кеңселерди, мейманканаларды куруу боюнча иштер жүрүүдө", — деди "Кыргыз алтындан".
Компаниядан белгилешкендей, транспорттук-логистикалык борбор экспедитордук жана транспорттук компанияларга аянтча жана жүк ташуучу автоунаалар үчүн токтоочу жайларды сунуштайт. Мындан тышкары, транспорт каражаттарын оңдоо, бажы, брокердик жана башка кызматтарды көрсөтүү пландалууда.
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт
ЕАӨБ: Борбор Азия өлкөлөрү жасаган инвестициянын көбү Кыргызстанга туура келет