Ден соолукту чыңдоо фондунун акчасын эми Президенттин иш башкармалыгы тескейт

Садыр Жапаров Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийге жөнөтүүгө жолдомо берүүгө мораторий киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети Социалдык фондго Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чогулган каражатты Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүүнү тапшырды. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтына жарыяланган.
Документке ылайык, буга чейин Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чогулган каражатты Профсоюздар федерациясы бөлүштүрсө, эми бул ишти Президенттин иш башкармалыгы аткарып калат.
Эске алсак, Садыр Жапаров ноябрда 2028-жылга чейин Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийге жөнөтүүгө жолдомо берүүгө мораторий киргизген. Жарлыкка ылайык, фондго түшкөн каражат санаториялык-курорттук мекемелердин имараттарынын капиталдык курулушуна жана ремонтуна, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалмакчы.
Президенттин иш башкармалыгына санаториялык-курорттук мекемелердин объектилерин убактылуу пайдаланууга кабыл алуу жана иштеп жаткандарын, туристтик объектилерди заманбап талапка шайкеш келтирүү иштери да жүктөлгөн.
Мыйзамсыз иштерге барган. Жапаров Профсоюздар федерациясын катуу сындады