Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Коркунуч күч". АКШда Украина Россиянын соккусунан кандай жабыркаганы айтылды

Россиянын Коргоо министрлиги бутага Украинанын аскер-өнөр жай объектилери, аскердик аэродромдор, арсеналдар, аскер кызматкерлери жайгашкан жерлер алынганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Россиянын Украинадагы объектилерге урган соккусу өлкөнүн абадан коргонуу жөндөмүн кыйла алсыратты. Бул тууралуу америкалык Newsweek басылмасынын жазганынан таянып РИА Новости кабарлады.
Макалада украин армиясынын алсыроосуна Батыштан келчү жардамдын болушунча кыскаруусу да таасирин тийгизип жатканы белгиленген.
"Мындан тышкары, абалды Украинанын абадан коргогон мобилдик комплекстеринин ок-дарысынын түгөнүшү да оорлотууда", — деп айтылат материалда.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги бутага Украинанын аскер-өнөр жай объектилери, аскердик аэродромдор, арсеналдар, аскер кызматкерлери жайгашкан жерлер алынганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Украинада акча шыпырган миңден ашык Call-борбор бар