Радио

Медетов: Айтматов чебер жазуучу эле эмес, мыкты аналитик да болгон

КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары XX кылымдагы жашоону тарыхый өңүттө мыкты чагылдыргандыктан дүйнөлүк адабиятта кайталангыс орунду ээлээрин айтты.
Sputnik
Чыңгыз Айтматов чебер сүрөткер эле эмес, мыкты аналитик да болгон. Ал адамдын жан дүйнөсүнөн тартып, ааламдык иштерге чейин мыкты анализдеп, аларды чыгармаларында кайталангыс чеберчилик менен бере билген. Мындай пикирин Аскар Медетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк адабий сынчылар залкар жазуучунун "Кассандранын эн тамгасы" романын анын чыгармачылыгынын апогейи деп аташкан.
"Чыңгыз Айтматов колуна калем алып аңгеме жазып баштаганда эле анын жазуу тили өзгөчө көңүл бурган. Анын үстүндө кызуу талкуулар жүргөн. Окурмандар жапырт жакшы кабыл алган анын жазуу стили классикалык тексттерге көнгөн адабий сынчылар үчүн да жаңылык алып келген. Өзгөчө анын адамдын психологиялык портретин мыкты ача билген сүрөткерлиги, жөнөкөй каармандарын жекелик катары карап, аны окурманга жеткиргени өз заманы үчүн чоң жаңылык болгон. Бирок Чыңгыз Айтматов бир эле чебер жазуучу эмес, мыкты аналитик да болгонун, тарыхты терең билгенин азыр баамдап отурабыз. Ал чыгармалары менен XX кылымдагы жашоого тарыхый эстелик тургузуп кетти десек болот", — деди Медетов.
Адабиятчы залкар жазуучунун романдарынын ичинен "Кассандранын эн тамгасы" окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынбай калганы менен автордун өзүнө жаккан романы болгонун кошумчалады.