Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Украинада акча шыпырган миңден ашык Call-борбор бар

Бул "IT-армиянын" кылмыштуу аракеттери Европа менен эле чектелбей тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Россия Украинада АКШнын колдоосу менен түзүлүп жаткан "IT-армия" кийин көйгөй жаратарын Батыш өлкөлөрүнө бир нече жолу эскерткен. Жыйынтыгында ошондой эле болду, тагыраагы, ал хакерлер менен шылуундардын тобуна айланды. Бул тууралуу Россия президентинин маалыматтык коопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташтык маселелери боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Эл аралык маалыматтык коопсуздук департаментинин директору Артур Люкманов РИА Новости агенттигине курган маегинде айткан.

"IT-армия" тууралуу айта турган болсок, мында кадимки уурулук менен алектенген хакерлер жана телефон шылуундарына тиешелүү кеп болот. Биздин маалыматтар боюнча, Украинанын аймагында шылуундук кылган миңден ашык "байланыш-борборлору" бар. Биз Батыш өлкөлөрүнө Россияга каршы чыгып АКШнын көмөгү менен "IT-армия" түзүү эртеби-кечпи, европалык карапайым калк үчүн көйгөй болорун бир нече жолу эскерткенбиз. Жыйынтыгында ошондой эле болду", — деген Люкманов.

Анын айтымында, 2023-жылдын ноябрында Венгрия бийлиги өлкөдө уурдалган акчанын көбү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар колдонулган көз боёмочулук жана телефон аркылуу шыпырылганын, анын басымдуу бөлүгү Украинада жасалганын билдирген.
"Бул "көз карандысыздык" үчүн күрөшкөн "согушкерлердин" кылмыштуу иш-аракеттеринин масштабы, георграфиясы өтө кенен экенин, Европа менен эле чектелбей турганын билебиз", — деп кошумчалаган Люкманов.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Биз күткөндөй болбоду. Литва премьеринин Украина боюнча күтүүсүз билдирүүсү