Министрлик: 2023-жылы 13 миң кыргызстандык протез менен камсыздалды

Өткөн жылы өлкөдө биринчи жолу балдар үчүн электроникасыз иштеген заманбап активдүү кол протездери жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Узаган жылда өлкөдө 13 миң адам протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ортопедиялык бут кийимдердин сапатын жана моделин жакшыртып, заманбап технология менен жасалган пневматикалык тизелер, карбондук тамандарды колдонууда.

"Адистер биринчи жолу электроникасыз иштеген, суудан коркпогон, балдар үчүн заманбап активдүү "Киби" кол протездерин жасап, 13 балага берген. Анын жалпы суммасы 1,8 миллион сомду түзүп, толугу менен мамлекеттен каржыланды. Заманбап жана жеңил протез "Сколково" инновациялык борборунун резиденти болгон "Моторика" компаниясынын компоненттеринен жасалууда", — дешти министрликтен.

Ошондой эле маалыматта Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин имараты 1987-жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүгү кошумчаланган. Бүгүнкү күндө "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун кызматташтыгынын алкагында мекеменин имаратында толугу менен ремонт жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Майыптыгы барларга кам көргөн жеке ассистент канча акы алат. Кызмат тууралуу маек