Облус бийлиги узаган жылы Ошто 56 жаңы ишкана ачылганын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өткөн 2023-жылда Ош облусунун аймагында 56 жаңы өнөр жай ишканасы ачылды. Бул туурасында президенттин аталган региондогу өкүлчүлүгү билдирди.
Анын арты менен 1000ге жакын жумуш орундары түзүлгөн.
Жалпысынан облустун өнөр жай тармагында 15 миллиард 931,3 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Кызмат көрсөтүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 171,5 миллион сомго көбөйгөн.
"Ош облусунун өндүрүш тармагы быйыл туруктуу өсүштү жана олуттуу жетишкендиктерди көрсөттү. Тармактын келечектүү тенденцияларына таянып, кийинки жылы дагы да таасирдүү натыйжаларга жетиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Баткенде 23 млн. сомго бүт шарттары менен курулган мал базардын сүрөттөрү