Радио

Мэр: Кыргызстандын туризми Манас жердеген Таластан башталышы керек

Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев "Талас" аэропорту иштеп баштаса инвестиция тартууга, бизнести жөнгө салууга жеңил болорун айтты.
Sputnik
Кыргызстандын туризми Манас жердеген Таластан башталышы керек. Өлкөгө келген ар бир адамга Манастын күмбөзүн, Чыңгыз Айтматовдун музейин зыярат кылууга шарт түзүү зарылдыгын Эрмат Жумаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуучуларды атайын программанын негизинде Таласка алып келип, мекенди сүйүүгө, тарыхты билүүгө, патриоттуулукка үндөөгө умтулуу керек.

"Талас — Кыргызстандагы чакан шаарлардын бири. Муниципалитеттин бюджети да, иши да салыштырмалуу өтө чоң эмес. Бирок жаңы өнүгүү программасы аркылуу шаарды ар тараптан жакшырталы деп турабыз. Учурда "Талас" аэропорту толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ички каттамдарды аткарууга даяр болуп калды. Бул байланышты жакшыртып, инвестиция тартууда да жеңилдиктерди берет. Аэропорт ачылса Бишкекке абдан кыска убакытта жетүүгө болот. Мындан тышкары, туризмдин потенциалын ачуу багытында иштер жүрөт. Кыргызстандын туризми Манас жердеген Таластан башталышы керек. Биздин ар бир жаранга жана өлкөбүзгө келген чет өлкөлүк туристке Манастын күмбөзүн, Чыңгыз Айтматовдун музейин зыярат кылууга шарт түзүү зарылдыгы бар. Бул идеологиялык жактан да абдан туура кадам болмок", — деди Жумаев.

Ошондой эле адис шаардын инвестициялык потенциалы жакшы болгону менен иштелип чыккан инвестициялык долбоорлордун жоктугу көйгөй экендигин кошумчалады.