Ирандагы терактыга тиешеси бар делген бир нече адам кармалды

Кармалгандар тууралуу кененирээк маалымат кийинчерээк жарыяланары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Ирандагы жардырууга тиешеси бар бир нече адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдиргенин РИА Новости IRNA агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
"Издөө-иликтөө системасы жакшы илинчек тапты. Анын негизинде окуяга тиешелүүлөр кармалды. Алар тууралуу маалымат кийинчерээк коопсуздук кызматтары тарабынан жарыяланат", — деген ал.
ЖМК маалыматтары боюнча, жардыруудан 95 адам мүрт кеткен, анын ичинен 12си — 15 жашка чейинки балдар. Жалпысынан 284 адам жаракат алган.
Эске салсак, окуя 3-январда болгон. Эки сумкага салынган заттар Иран генералы Касем Сулеймани коюлган жердеги эскерүү иш-чарасында жарылган. Аны аралыктан башкарышкан деп божомолдошкон.
Терактыдагы жоготуудан улам Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп жарыялаган. Кыргызстан президенти Садыр Жапаров окуяга байланыштуу көңүл айтып, "террорчулукту айыптайбыз" деп билдирген.
Ирандын башчысы Эбрахим Раиси Түркияга пландаган иш сапарын жылдырып, бул жардырууга буйрук бергендер жана аны аткаргандар кармалып тиешелүү жаза алышарын билдирген. Ислам республикасынын жогорку башчысы Али Хаменеи кылмышты уюштургандар жана аткаргандар катуу жазаланарын белгилеген.
2020-жылдын 3-январына караган түнү АКШ Багдадда Ислам революциясынын күзөт корпусунун атайын бөлүмчөсүнүн командири Касем Сулейманини жана Ирак шииттер кошуунунун башчысынын орун басары Махди аль-Мухандисти жок кылуу боюнча операция жүргүзгөн. Вашингтон аларды 2019-жылы 31-декабрда Американын Багдаддагы элчилигине кол салууну уюштурууга катышкан деп эсептейт.
Ага жооп катары Иран АКШнын Ирактагы базаларына сокку урган, анын ичинде Айн-аль-Асад дагы бар. АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп жана Пентагондун жетекчиси чабуулдан кийин жабыркагандар жок деп билдиришкен. Кийин аскер кызматкерлери жаракат алгандар бар экенин ачык айтып чыгууга мажбур болушкан. Алардын саны туруктуу түрдө өсүп келет.
Бейрутта ХАМАСтын кеңсесин жардырууда эки командир көз жумду. Видео