ЕАӨБ: Борбор Азия өлкөлөрү жасаган инвестициянын көбү Кыргызстанга туура келет

Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча Борбор Азия мамлекеттеринде өз ара инвестицияны шарттаган 27 ири долбоор ишке ашырылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрү жасаган инвестициянын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга салынат. Мындай жыйынтык Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында айтылды.
ЕАӨБ берген баа боюнча Борбор Азия мамлекеттеринде өз ара инвестицияны шарттаган 27 ири долбоор ишке ашырылууда.
Региондогу негизги инвестор болуп Казакстан менен Өзбекстан эсептелинет. 2023-жылдын ортосуна карата аймактагы өз ара инвестициянын көлөү 1,1 миллиард долларды түзгөн. Мында Казакстанга жалпы көлөмдүн 87 пайызы туура келсе, Өзбекстандын үлүшү 13 пайызга жетет.
"Инвестициянын жарымынан көбү Кыргызстанга салынат, бул өлкөгө жалпы сумманын 63 пайызы туура келет. Өзбекстанга инвестициянын 24 пайызы, Казакстанга — 11, ал эми Тажикстанга эки пайызы кетет. Түркмөнстан катышкан долбоор жок", — деп айтылат маалыматта.
Аталган докладда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча маалыматтар камтылган.
Садыр Жапаров инвесторлорду алдаганды токтотууга чакырды