Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн себебин иликтөөчү комиссия түзүлдү

Абдылдаев узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүүчү мекемеде көз жумган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн Юстиция министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Абдылдаевдин каза тапканы бүгүн түш ченде белгилүү болду. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айтты.
"Комиссия бардык материалдарды карап жатат. Видокамералардагы жазуулар да текшерилүүдө, аларда Абдылдаевдин жан кыюунун белгилери байкалган аракеттерин көрүүгө болот. Материалдардын баары тиешелүү субъектилер тарабынан тыкыр каралып чыгат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Абдылдаев узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган.
16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Абдылдаевдин баш коргоо чарасын карап, 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу.
28-декабрда психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу Абдылдаев "инсанияттын такталбаган психикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.
29-декабрда Арстанбек Абдылдаев жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган.
Сөөктү алгачкы кароодо жаракаттар табылган эмес, өлүмдүн себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн чоо-жайы айтылды