БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев өмүрүнө кол салып каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын өлүмүнүн чоо-жайы боюнча маалымат таратты.
Билдирмеге ылайык, Абдылдаевдин сөөгү 5-январда саат 05:15тер чамасында №31 дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасынан табылган.
Белгилей кетсек, ал узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып, УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган.
16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Абдылдаевдин баш коргоо чарасын карап, 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу.
28-декабрда психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу Абдылдаев "инсанияттын такталбаган психикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.
29-декабрда Арстанбек Абдылдаев жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган. Анда такталбаган психикалык инсандык бузулуу, коронардык жүрөк оорусу, өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору деген дарттар коюлган. Клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган", — деп айтылат мекеменин маалыматында.
Анда кошумчалангандай, сөөктү алгачкы кароодо жаракаттар табылган эмес, өлүмдүн себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.