Абакта жаткан Арстан Алай каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып Молдовановка айылындагы №31 абакта отурган Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) каза болду. Маалыматты Жаза аткаруу кызматы тастыктады.
Эскерте кетсек, Абдылдаевди УКМК 15-декабрда кармаган. Комитет кылмыш иши анын социалдык тармактарда жана китеп, брошюраларда диний, диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасагандыктан козголгонун билдирген. "Ал өзүн "Кудай", "Куткаруучу" деп санап, башка дин, ишеним, көз караштарды төмөн, алсыз деп эсептеген" деп маалымат тараткан УКМК.
17-декабрда анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу.
Арстанбек Абдылдаев 1968-жылы 28-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Дыйкан айылында төрөлгөн.
Экс-саясатчылар №1 тергөө абагында кандай шартта кармалууда? Мониторинг жүргүзүлдү