6-январга карата аба ырайы

6-январга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Шаршембиде Ош, Баткенден башка аймактарга кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 7...12, Талас жергесинде 5...10, Ош, Жалал-Абад облустарында 9...14, Ысык-Көл чөлкөмүндө 2...7, Нарын аймагында -3...-6 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 10...12 , ал эми Ош шаарында 12...14 градуска чейин жетет.
Кар жаайбы? Жаңы жылдын алгачкы айы январга карата аба ырайы