БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл түрмөдө отургандар дагы бир тартипке салынарын билдирди.
Ал узаган жылы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш аеосуз болгонун белгиледи.
“Мындан ары мамлекетибизде эч кандай бандиттер, уюшкан топтор, кайсы бир “авторитеттер” болбойт. Эгер мүчөлөрү калган болсо 2024-жылы тыптыйпыл жок кылабыз. “Мыйзамдагы ууру”, “положенец”, “смотрящий” деген сөздөр колдонулбайт. Эркиндиктегилерди эле эмес, түрмөнүн ичиндегилерди да тартипке салабыз”, — деди Ташиев.
Ошондой эле ал мамлекеттик органдарда коррупция жасайм деген кызматкерлер азайып, жок болду деп айтууга болорун кошумчалады. Бирок арасында калгандар, мамлекеттин мүлкүнө кол салам дегендер менен күрөш мындан ары да уланарын эскертти.