Радио

Кыргызстанда калкты тейлөө борборлоруна жасалма интеллект киргизүү пландалууда

Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев аталган ведомствонун жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
Sputnik
2023-жылы Кыргызстан БУУга Санариптик кодекстин долбоорун ийгиликтүү сунуштап, 20 өлкөнүн эксперттеринин оӊ пикирин алды. Бул тууралуу Жумамүдүн Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын жыйнтыгы менен "Түндүк" мамлекеттик порталында 159 электрондук кызмат жеткиликтүү болуп калды.
"Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу мамлекет быйыл дээрлик 382 миллион сом үнөмдөдү. Өткөн жылы системада 12 миллиондон ашык документ катталган. Системага эки миң уюм кирип, 120 миңге жакын колдонуучу катталган. Андан тышкары, алдыда Кыргызстандын калкын тейлөө борборлоруна жасалма интеллект киргизүү пландалууда. Биз санариптик документтердин катарына пенсиялык күбөлүктү кошуп, калкты тейлөө боюнча дагы беш жаңы борбор ачууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, Калкты тейлөө борборунун функцияларын айыл өкмөтүнө өткөрүп беребиз. Ал жерде "Инфокомдун" операторлору иштешет. Аутсорсинг аркылуу долбоорлорду ишке киргизип, маалыматтык коопсуздуктун бардык талаптарын эске алуу менен калкты тейлөө борборлорунун айрым кызматтарын коммерциялык структураларга фронт-офис форматында өткөрүп берүүнү көздөп жатабыз. Бул документтерди чогултуу пунктуларын кеңейтет. 2023-жылдын жыйынтыгы менен "Түндүк" мамлекеттик порталында 159 электрондук кызмат жеткиликтүү болуп калды. Жыл ичинде портал, тиркеме аркылуу сегиз миллионго жакын кызмат көрсөтүлдү", — деди Жумалиев.
Ал 2024-жылга Санариптик өнүктүрүү министрлигинде маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, санариптик документтердин санын көбөйтүү жана мамлекеттик кызматтарды мүмкүн болушунча санариптик форматка өткөрүү пландары бар экенин кошумчалады.