"Террорчулукту айыптайбыз". Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

Бүгүн Иранда терактыдагы адам өмүрлөрүнүн кыйылышынан улам улуттук аза күтүү күнү жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында жасалган терактынын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан террорчулукту, анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт", — деп айтылган телеграммада.
Жапаров Кыргызстан эли алардын аза кайгысын бөлүшөрүн билдирген.
"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм", — деп айтылат анда.
Эске салсак, окуя кечээ, 3-январда, болгон. Эки сумкага салынган заттар Иран генералы Касем Сулеймани коюлган жердеги аза күтүү иш-чарасында жарылган. Аны аралыктан башкарышкан деп божомолдошууда.
Терактыдагы жоготуудан улам Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.
Жарылууда набыт болгондор 103кө жетти. Ирандын лидери катуу жооп берерин айтты