Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германиялык генерал: 2024-жыл Россия-Украина жаңжалын чечүүчү учур болот

Батыштын ЖМКлары да соңку убакта АКШ менен ЕБ украин кризисинен чарчаганы тууралуу тынбай жазып калды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Быйылкы 2024-жыл орус-украин жаңжалынын чечүүчү мезгили болот. Бул туурасында Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы генерал-лейтенанты Роланд Катер Welt каналынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Аскердик жагынан алганда быйыл чечүүчү жыл болот. Украинага оомат оойбу же жокпу, убакыт көрсөтөт, ал эми биз баа берүүдө реалист болушубуз керек. Азыр демилге Россиянын колунда турганын көрүп жатам", — деди ал.
Катер ушул жылы гана сүйлөшүү маселеси чечилип, жаңжал аяктап калышы мүмкүндүгүн да четке каккан жок.
Батыштын ЖМКлары да соңку убакта АКШ менен ЕБ украин кризисинен чарчаганы жана Владимир Зеленскийди колдоо солгундаганы тууралуу тынбай жазып калды. NBC телеканалынын маалыматы боюнча, америкалык жана европалык аткаминерлер Киев бийлигине Россия менен тынчтык сүйлөшүүсүнө барууну сунуштап, талкуу башталды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй АКШ РФтин аскердик жаатта Киевден артыкчылык кыларын моюндаарын белгиледи