Жарылууда набыт болгондор 103кө жетти. Ирандын лидери катуу жооп берерин айтты

Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ирандын лидери Али Хаменеи Керман шаарындагы терактын уюштуруучуларына жана аны аткаргандарга катуу жооп кайтарып, өзүнө жараша жаза берерин убадалады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Аталган өлкөнүн ЖМКлары тараткан соңку маалыматка ылайык, калаадагы эки жолку жарылуудан набыт болгондордун саны 103кө жетип, 211 адам жаракат алды. Эки сумкага салынган жардыруучу каражат Иран генералы Касем Сулеймани коюлган жердеги аза күтүү иш-чарасында жарылган. Аны аралыктан башкарышкан деп божомолдошууда. Окуя кечээ, 3-январда болгон.
“Колу бейкүнөө адамдардын канына боёлгон, акылынан айныган мыкаачылыкка барган адамдар мындан ары репрессиянын жана адилеттүү жазалоонун бутасы болмокчу. Аларга мындай апаат үчүн катуу жооп кайтарыларын билип коюшсун”, — деп кайрылуу жасаган Хаменеи.
Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Белгородго кол салып, 14 кишини өлүмгө учураткандар жазасыз калбайт