Жогорку Кеңеш: эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тараган маалымат жалган

Кыргызстандын интернет айдыңында эки аял алууну мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору алгач коомдук талкууга чыгып, андан соң депутаттар карай турганы боюнча маалымат тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.
“Демилгеленбеген мыйзам долбоору боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырабыз. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, жалпы элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз”, — деп айтылган билдирүүдө.
Эске салсак, Кыргызстандын интернет айдыңында эки аял алууну мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору алгач коомдук талкууга чыгып, андан соң депутаттар карай турганы боюнча маалымат тараган. Бул кабардан кийин коомчулук терс реакциясын билдирип баштаган.
Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды