Суукта балдарды канча убакыт сыртка сейилдеткенге болот? Дарыгердин кеңеши

Бала сыртта сейилдегенде өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн каттап кийинтпеш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Суук аба ырайында балдарды коркпой сейилдетүү керек. Бул тууралуу РИА Новостиге дарыгер-педиатр айтып берди.
Дарыгер аба ырайы 10-15 градус суукта балдарды күнүнө 1,5 сааттай эшикка чыгарса болорун билдирди. Температура – 20 кезде жана катуу шамалда албетте үйдө отурган оң.
"Эмчектеги балдарды күн суукта 30-40 мүнөт гана сейилдетүү жетиштүү", - деди адис.
Анткен менен ар бир баланын ысык менен суукту кабыл алышы түрдүүчө болорун айтты. Мисалы, ымыркай кезинен кат-кат кийинип жүргөн бала суукту бат өткөрүп алат. Аларды акырындан суукка чыгарып, бышык кылып чоңойтсо болот.
Ал эми бала сыртта сейилдегенде өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн каттап кийинтпеш керек.
Ангина бөйрөк оорусун шарттайт. Нефрологдун кеңеши