Беларусь кыргызстандыктарга ЖОЖдон стипендиялык беш орун бөлдү

Документтерди кабыл алуу жана талапкерлерди конкурстук тандоону Беларустун Кыргызстандагы элчилиги жүргүзөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызcтандын жарандары үчүн 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик стипендиялык программанын алкагында Беларустун жогорку окуу жайларына документтерди кабыл алуу башталды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Төмөнкү адистиктер боюнча беш орун бөлүнгөн:
маалыматтык технологиялар (жалпы жогорку билим, бакалавр даражасы) - 2;
жалпы медицина (жалпы жогорку билим, бакалавр даражасы) - 2;
информатика жана программалоо технологиялары (жогорку жогорку билим, магистратура) - 1.
Документтерди кабыл алуу жана талапкерлерди конкурстук тандоону Беларустун Кыргызстандагы элчилиги жүргүзөт.
Кандай документтер талап кылынары жана шарттары тууралуу кенен маалымат министрликтин сайтына жайгаштырылган.
Садыр Жапаров 75 студентке 60 миң сомдон стипендия тапшырды. Сүрөт