Эки балалуу болгуча паспорт албай жүргөн. Ташиев суранычын аткарды

28 жаштагы жаран үй шартында төрөлүп, ошол бойдон документ алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну Жээнбек Султановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
1 / 2

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну Жээнбек Султановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды

2 / 2

Султанов август айында Ташиевге кайрылып, документ алууга жардам берүүнү суранганы айтылат

Султанов август айында Ташиевге кайрылып, документ алууга жардам берүүнү суранганы айтылат.
“28 жаштагы жаран үй шартында төрөлүп, ушул күнгө чейин өздүгүн тастыктоочу документ ыйгарылган эмес. Мектепте билим алууга да мүмкүн болгон эмес”, – деп жазылган маалыматта.
Султанов эки баланын атасы, паспорту жок болгондугуна байланыштуу балдары жубайынын атына катталып турган. Аялы жалгыз бой эне катары эсептелип келген. Ташиев анын суранычын аткарып документтерди өз колу менен тапшырган.
Ташиев паспорту жок жүргөн 32 жаштагы жаранга документ тапшырды