Ошто өспүрүмдөр аз жерден бети-колун техникага алдырып жибере жаздаган

Дарыгерлер баланын жанчылып калган колун тигип беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы соцбаракчасы аркылуу ата-энелерге чукул кайрылуу жасады.
1 / 3

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы соцбаракчасы аркылуу ата-энелерге чукул кайрылуу жасады

2 / 3

Ооруканага эки күндө эле бети-кулагы электр араасына тилинген өспүрүм кыз, андан кийин колун чөп кырккан аппаратка талкалаткан бала келип түшкөн

3 / 3

Баланын эти жана бармак сөөктөрү сынып, эзилип калган. Эки кичинекей бейтапка тең дарыгерлер убагында жардам көрсөтүшкөн

Ооруканага эки күндө эле бети-кулагы электр араасына тилинген өспүрүм кыз, андан кийин колун чөп кырккан аппаратка талкалаткан бала келип түшкөн. Баланын эти жана бармак сөөктөрү сынып, эзилип калган. Эки кичинекей бейтапка тең дарыгерлер убагында жардам көрсөтүшкөн.
"Албетте, мындай абалда колубуздан келишинче жардам берип, калыбына келтирип операция жасайбыз. Бирок кайдыгерликтен балдарыбызга оор жумуш тапшырып, алардын өмүрүн тобокелге салып жатасыздар. Сиздерден сураныч, мындай иштерди техникалык коопсуздукту сактап, эрежеси менен иш кылыңыздар!" - деп жазылган оорукананын баракчасында.
Колдун оор жаракаты менен келген балага кечиктирилгис жардамды травматолог Мунарбек Табалдиев көрсөткөн.
Электр араасынан жабыркаган кызга операцияны дарыгер-травматолог Тамырлан Абдыкадыров жана ЛОР-дарыгер Айдана Нурали кызы жасашкан.
Стоматология борборунда 3 жашар кыздын чарчап калышы боюнча иш козголду