Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Биз күткөндөй болбоду. Литва премьеринин Украина боюнча күтүүсүз билдирүүсү

Саясатчынын айтымында, быйылкы жыл аскердик жактан да, саясий көз караштан алып караганда да оор мезгил болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Украина Батыш үмүттөнгөн жеңишке жете алган жок. Бул тууралуу Литванын премьер-министри Ингрида Шимоните LRT басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Украинадагы согуштун жүрүшүндө таптакыр башка натыйжа болот деп күткөнбүз чынында. Азыркы реалдуулук кырдаал Киевдин контрчабуулуна чейинки пландардан башкача өңүттө өнүгө турганын көрсөтүүдө", — деди ал.

Шимонитенин пикиринде, быйылкы жыл аскердик жактан да, саясий көз караштан алып караганда да оор мезгил болот.
Ноябрдын башында Украина күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный The Economist журналынын суроолоруна жооп берип жатып армия туңгуюкка кептелгенин билдирген эле. Анын айтымында, Куралдуу күчтөр Батыш күткөндөй көзгө көрүнөрлүк ийгилик жарата алган жок.
Ал эми Кремль киевдик режим согуш талаасында жеңишке жетпей турганын канчалык эртерээк түшүнсө, абалдан чыгуунун жолдору ошончолук тезирээк табылмактыгын айтып-деп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: АКШнын Россияны Украина аркылуу алсыратуу максаты ишке ашкан жок