Караколдо кышкы жарманке уюштурулат

Иш-чара үч күнгө созулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын мэриясы калаада KARAKOL WINTER FAR 2024 деп аталган кышкы жарманке уюштуруларын билдирип, бардык каалоочуларды чакырды.
Маалыматта иш-чара 6-январда башталып, 8-январда жыйынтыкталары айтылган. Жарманке шаардагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында болот.
Муниципалитет жарманке саат 11:00дө башталып, 21:00гө чейин уланарын кошумчалады.
Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары дагы кеңеет. Кошула турган жерлер