БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. Иранда жардыруу болуп, 73 адам каза тапканын РИА Новости IRNA мамлекеттик агенттигинин ыкчам кызматтардан алган маалыматтарына шилтеме берип жазды.
Ал эми жаракат алгандардын саны 170тен ашат.
Эки сумкага салынган жардыруучу каражат Иран генералы Касем Сулеймани коюлган жердеги аза күтүү иш-чарасында иштеген (Кермане шаары). Аны аралыктан башкарышкан деп божомолдошууда.
Жергиликтүү бийлик муну теракт деп атады.
Сулеймани "Аль-Кудс" элиталык бөлүмдүн командири болгон. Ал 2020-жылы Иракка барганда өлтүрүлгөн. Ракеталык сокку АКШнын Аба күчтөрүнүн учкучсуз учуучу аппараты менен жасалган. Буйрукту ошол кездеги президент Дональд Трамп берген.