Радио

Назаралиев: ар бир жаран баалуу кагаздарды сатып алып, инвестиция кылышы керек

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногун жакшыртууга ар бир адам салым кошуп, анда соода-сатык жүргүзө аларын айтты.
Sputnik
Акчаны үй шартында сактабай, баалуу кагаздарга инвестиция кылып киреше табууга болот. Бул аркылуу адам өзүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатып, каражат топтоо, сактоо, туура колдонуу боюнча билимин арттыра аларын Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекеттик облигациялардын жылдык пайыздык чени жогору коюлуп, тобокелчилиги жок финансылык инструмент болуп саналат.
"Эл аралык практика боюнча, мамлекеттик баалуу кагаздар биржада сатылып, бул аянтчанын мүмкүнчүлүктөрү кенен болот. Буга чейин Улуттук банк гана өзүнүн базасында сатыкка коюп келген. Аны көбүнесе коммерциялык банктар колдонуп, пайда көрүп келишкен. Президенттин 2022-жылдагы биржа ишин жөнгө салуу боюнча жарлыгынан кийин өкмөт өнүктүрүү программасын кабыл алып, иш жакшы жүрө баштады. Быйыл Финансы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгара баштады. Тилекке каршы, жарандардын көбүндө бул боюнча маалыматы дээрлик жокко эсе. Кантип кимден, кайдан сатып алуу тууралуу биле беришпейт. Негизи акчаны үй шартында сактабай, баалуу кагаздарга инвестиция кылып киреше табууга болот. Бул аркылуу адам өзүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатып, каражат топтоо, сактоо, туура колдонуу боюнча билимин арттыра алат. КФБ өзүнүн https://www.kse.kg/gsb.html сайтына толук маалымат жүктөп, түшүндүрмө берген", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис учурда каржы пирамидаларынын жарнамалары күч алып, сактап жаткан акчасын тез убакытта көбөйтүү максатында кошулуп, жыйынтыгында алданып жатышканын кошумчалады.