Акылбек Жапаров ИИМге 66 техниканы өткөрүп берди. Сүрөт

Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлыгы кыйла өскөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине техникаларды өткөрүп берүү аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине техникаларды өткөрүп берүү аземине катышты

2 / 6

ИИМге 66 даана техника берилди. Жапаровдун айтымында, соңку эки жылдын ичинде ички иштер органдары үчүн 42 имарат курулуп, 200дөй имарат оңдолду

3 / 6

Жапаров ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлыгы кыйла өскөнүн белгиледи

4 / 6

Эгер 2019-жылы катардагы милиция инспектору 24 миң сом алса, азыркы айлыгы 45 миң сом

5 / 6

Баткенде катардагы инспектордун айлыгы 2019-жылы 24 миң болсо, азыр 80 миң сомду түзөт

6 / 6

Милициянын ар бир бөлүмүнө атайын камералар орнотулган. Санариптештирүүнүн алкагында республикалык бюджеттин эсебинен 800 даана сервердик жабдуу, видеокаттагыч, планшеттер, 1 200 боди-камералар алынган. Ички иштер органдарынын ар бир райондук жана шаардык бөлүмдөрүндөгү автотранспорт жаңыртылды

ИИМге 66 даана техника берилди. Жапаровдун айтымында, соңку эки жылдын ичинде ички иштер органдары үчүн 42 имарат курулуп, 200дөй имарат оңдолду.
"Милициянын ар бир бөлүмүнө атайын камералар орнотулган. Санариптештирүүнүн алкагында республикалык бюджеттин эсебинен 800 даана сервердик жабдуу, видеокаттагыч, планшеттер, 1 200 боди-камералар алынган. Ички иштер органдарынын ар бир райондук жана шаардык бөлүмдөрүндөгү автотранспорт жаңыртылды. Милициянын 59 көчмө кабылдамасы иштеп жатат", — деди ал.
Жапаров ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлыгы кыйла өскөнүн белгиледи. Эгер 2019-жылы катардагы милиция инспектору 24 миң сом алса, азыркы айлыгы 45 миң сом. Баткенде катардагы инспектордун айлыгы 2019-жылы 24 миң болсо, азыр 80 миң сомду түзөт.
Ташиев: быйыл укук коргоо органдарына көңүл бурулат