БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Япониянын Токио шаарындагы "Ханеда" аэропортунда жүргүнчү ташыган учак өрттөндү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
NHK телеканалынын видеосунда көрүнүп тургандай, учак жерге конору менен жалындап өрттөнүп, кара түтүн каптаган. JAL авиакомпаниясынын лайнеринде 400гө чукул адам болгону, баары эвакуацияланганы белгиленди.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, лайнер Япониянын жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам ташып жүргөн жээк күзөтүнүн учагы менен кагышкандан кийин күйүшү мүмкүн. Жээк күзөттүн учагы да өрттөнгөнү айтылууда. Анда алты адам болгону, учкуч жабыркап, калган бешөөнүн тагдыры азырынча белгисиз экени да кошумчаланды.