Япониядагы жер титирөө. Садыр Жапаров өлкө жетекчилигине көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухитого жана премьер-министри Фумио Кисидага жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Болуп өткөн жер титирөөдөн улам көптөгөн курмандыктарга алып келген кыйроолор жана андан жабыр тарткан жарандар жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы япон элине чын жүрөктөн чыккан тилектештик жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм. Каза болгондордун туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Бул апааттан жабыр тарткандардын бардыгынын тез сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат телеграммада.
Эске салсак, Японияда кечээ, 1-январда, жер титиреп, батыш тарабында анын магнитудасы 7,6 жана 6,1ге жеткен. Соңку маалыматтар боюнча, 40тан ашык адам көз жумган.
ТИМ: Япониядагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок