ТИМ: Япониядагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Япониядагы жер титирөөлөрдөн жабыркаган жана көз жумгандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Тоямба шаарында жашаган беш мекендеш башка жакка көчүрүлгөн.
Учурда ТИМ жана Япониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Кыргызстандын ал жакта жашап жаткан жарандары менен байланышып турарын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылууга чакырды.
Эске салсак, Японияда кечээ, 1-январда, жер титиреп, батыш тарабында анын магнитудасы 7,6 жана 6,1ге жеткен. Соңку маалыматтар боюнча, 48 адам көз жумган.
Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 30га жетти. Видео