БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы укук коргоо органдарына өзгөчө көңүл бурула турганын Сузак РИИБ кызматкерлерине автоунаалардын ачкычын тапшырып жатып билдирди.
УКМК төрагасы президенттин тапшырмасы менен Сузак РИИБ кызматкерлерине Chevrolet COBALT, Mercedes-Benz Sprinter, LADA Niva Legend үлгүсүндөгү 12 автоунаанын ачкычын берген. Ташиев мурда милицияга көп көңүл бурулбай келсе, эми алардын жакшы иштөөсү үчүн керектүү шарттар түзүлөрүн белгилеген.
"Буга чейин коопсуздук кызматкерлерине керектүү инфраструктураны түзүп, материалдык-техникалык базасын чыңдап берсек, эми 2024-жылдан тарта сиздерди керектүү техника менен камсыздап, жаңы имараттарды куруп, айлык акыңарды карайбыз. Ошого жараша сиздер да жакшы иштешиңиздер керек. Мыйзамга баш ийбеген, мыйзамды бузгандар кармалат", — деген Ташиев.
Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлагандай, жаңы жеңил автоунаалар аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө, райондук ЖКККБга, Mercedes-Benz Sprinter Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына берилгенин кошумчалады.