БИШКЕК, 2-янв. – Sputnik. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды чет жактан келген студент, туристтерди сыйлоого чакырды.
Аткаминер туристтерге болгон мамилени өзгөрткөн сайын туризм тармагы алдыга жыларын белгилеп, Түркия, Дубайды мисал келтирген.
"Биздечи? Чет элдик студенттерди же башка туристтерди көрсөк эле сындай баштайбыз. Түшүнгөн адамга керек болсо ар бир студент же ар бир турист түздөн-түз инвестор. Алардан калган акча өлкөбүздүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жумшаларын билишибиз зарыл. Урматтуу мекендештер, келиңиздер, биз дагы чет өлкөдөн келип окуп жаткан студенттерге жана туристтерге сый-урмат менен мамиле жасоого өтөлү. Мына ошондо Кыргызстандын туризми дүйнөнүн чар тарабына тарап, биз сыймыктанган керемет жерлерибизге туристтер тартыла баштайт. Кыргызстандын туризми ошондо өнүгүүгө кадам таштаган болот", — деген министр.