Ташиев чет өлкөгө эс алууга кеткени тууралуу кабарды төгүндөдү

Ташиев эл эс алып жатканы менен өкмөт 1-январда эле иштеп баштаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө эс алууга кеткени туралуу маалыматты төгүндөп, иштеп жатканын белгиледи.
Буга чейин социалдык тармактардагы айрым колдонуучулар УКМК төрагасы чет жакка эс алууга учуп кеткенин жазышкан. Ташиев андай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, эл эс алып жатканы менен өкмөт 1-январда эле иштеп баштаганын белгилеген.

"Соцтармакта жалган маалымат тарата беришет. Ага эл ишенбеши керек. Мына, 2-январда мен Сузак районунда турам. Президенттин атынан милицияга автоунаа тапшырдык. Иш токтогон жок. Мен эч качан чет жакка чыгып эс алган эмесмин. Андай адам эмесмин. Чет жакка жумуш менен же ден соолукка байланыштуу барабыз", — деген ал.

Ташиев президенттин тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн курулушун да текшергенин кошумчалаган.
Радио
Жаңы жылдык майрамдарда ЖКККББ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт