Радио

Эстелик орнотууга уруксат берген комиссиянын иши күчөтүлөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Самат Абдраимов эстелик орнотуу боюнча сунушталып жаткан токтомдо көрсөтүлгөн эрежелерге токтолду.
Sputnik
2024-2030-жылдарга мамлекеттик, коомдук, илим, маданият ишмерлерин жана өлкөнүн түптөлүшүнө өзгөчө салым кошкон инсандарды монументалдык даңазалоо планына 77 сунуш келип түштү. Бул тууралуу Самат Абдраимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, залкар инсандарга эстеликтер алардын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн коюлгандыктан бирдиктүү тартипте болушу шарт.

"2024-2030-жылдарга мамлекеттик, коомдук, илим, маданият ишмерлерин жана өлкөнүн түптөлүшүнө өзгөчө салым кошкон инсандарды монументалдык даңазалоо планына өз сунуштарын берүүсүн бардык тиешелүү органдардан сураганбыз. Алар: жергиликтүү бийликтер, облус, райондордогу президенттин өкүлчүлүктөрү, Илимдер академиясы жана башка мекемелер. Натыйжада бизге 77 сунуш келип түштү. Аларды ишке ашырууда бирдиктүү тартипти сактоо максатында жана министрлер кабинетинин алдындагы атайын комиссиянын ишин күчтөндүрүүнү көздөп, атайын токтомдун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Ал кабыл алынган соң залкар инсандарга эстелик орнотууда бирдиктүү эреже, тартиптер колдонулат. Буга чейин айрым учурларда коомдук уюмдар же эстелик коюлуучу кишинин жакындары тиешелүү комиссияга долбоорун жибербей эле жасатып, орнотуп салган кездер болгон. Даяр болуп калган соң комиссия аны карабайт. Эми мындай алешемдиктерге жол берилбейт, монументалдык даңазалоочу эстеликтер жободо көрсөтүлгөн гана талаптардын негизинде жасалып, орнотулат. Ага бөлүнчү аянтча жергиликтүү бийлик тарабынан чечилет да, ошол жердин кыртышы да иликтенип, ага ылайыктуу материалдан, шаар куруу маданиятына төп келген эстеликтер жасалат", — деди Абдраимов.

Ал эстелик орнотууда кеткен чыгымды сунуштаган тарап көтөрөрүн, бирок жогорудагы эреже-талаптар сакталышы зарылдыгын кошумчалады.