БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. АКШнын Россияны украин кризиси аркылуу алсыратуу максаты ишке ашкан жок. Бул тууралуу РИА Новости Global Times басылмасындагы макалага таянуу менен жазды.
"Батыш барган сайын орус-украин чыры Россияны күтүлгөндөй алсырата албаганын түшүнүүдө", — деп айтылат анда.
Материалда Батыш Украина Куралдуу күчтөрүнө жардамды Украинаны коргоо үчүн эмес, Россияны алсыратуу үчүн берип келгени белгиленген. Автордун айтымында, мурунку советтик республика АКШ жана Евробиримдик тарабынан курал катары гана колдонулуп жатат.
Ал АКШ менен Европада орус-украин чырына мамиле барган сайын өзгөрүп жатканын белгилеген, мында жардам азайып, ЕБ өлкөлөрүнүн көбү согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө ыктай баштаганы айтылат.
"Мунун баары дагы бир реалдуулукту көрсөтүп турат: азыркы жаңжалда бардык жактан жеңилген тарап Украина гана болуп калды", — деген автор.
Украина күчтөрү НАТО тарабынан даярдалган бригадалары жана аскер техникасы менен июнь айынан бери Түштүк Донецк, Артемовск жана Запорожье багыты боюнча жылууга аракет жасап келет. Бирок оор жоготууга учурап, россиялык коргонуунун тактикалык зонасынан да өтө алган эмес. РФ коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, Украина 160 миң жоокеринен ажырап, 121 учагы, 766 танк, 2,3 миңден ашуун сооттолгон унаасы талкаланган.
Контрчабуул максатына жетпей калганын Украина президентинин кеңсесиндегилер да моюндашты. Украина аскер күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный Economist журналына маек куруп жатып армия туңгуюкка кептелип, алгылыктуу ийгиликке жете албаганын билдирген.