Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык экс-чалгынчы: 2024-жылы Зеленскийдин бийликтеги акыркы жылы болот

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жаңырган 2024-жыл Украина президенти Владимир Зеленский үчүн бийликтеги акыркы жылы болот. Бул туурасында АКШнын экс-чалгынчысы, Скотт Риттердин айтканын Sputnik радиосу билдирди.
Муну ал Киев режиминин башчысынын жаңы жылдык куттуктоосунан кийин айткан.
"Жаңы жылыңыздар менен. 2024-жыл сиздин Украина деп аталган, мамлекет катары калып кала албаган өлкөнүн президенти катары турган акыркы жылыңыз болот", — деп жазган мурдагы аскер адамы X социалдык тармагына.
Риттер ирония менен куттуктоону Зеленскийдин чындап эле өзү жазганына же ага ЦРУдагы кураторлорунун жардам бергенине кызыгып, суроо салган.
"Бул — сиздин, өзүңүздүн ийгиликсиз кадамыңыз", — деген мурдагы чалгынчы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык экс-чалгынчы: контрчабуулдун ишке ашпай калышы Украинаны кыйратат