Жаңы жылда кайсы аймактарда бөбөктөр биринчилерден болуп төрөлдү. Тизме

Ымыркайлардын арасында эгиздер да бар, алар Ош облусунда экенин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 276 бөбөк төрөлгөнүн, биринчилерден болуп наристелер Бишкекте, Кызыл-Кыяда, Кеминде жана Жалал-Абадда жарыкка келген. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
"31-декабрда саат 8:00дөн тарта (бир суткада) 1-январь 8:00гө чейинки убакытта Кыргызстанда 276 бөбөк төрөлсө, алардын 143ү — уул, 133ү кыз болду", — деп айтылган маалыматта.
Ымыркайлардын арасында эгиздер да бар, алар Ош облусунда экенин билдиришти
Жаңы жылда биринчилерден болуп кимдер жарыкка келди (саат 00:00дө):
Бишкектеги №2 төрөтканада жарыкка келген кыздын салмагы — 3,520 килограмм, бою — 49 сантиметр;
Кызыл-Кыядагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунда да кыз төрөлгөн, салмагы — 4,050 килограмм, бою — 59 сантиметр;
Чүйдүн Кемин районунда жалпы дарыгерлер практикалык борборунда түн ортосунда эркек бала жарыкка келген, салмагы — 3,015 килограмм, бою — 51 сантиметр;
Жалал-Абаддагы облустук ооруканадагы төрөт бөлүмүндө да ымыркайлар төрөлгөн. Кыздын салмагы — 3,650 килограмм, бою — 52 сантиметр, эркек баланын салмагы — 3,080 килограмм, бою 51 сантиметр болгон.
Балдардын төрөлүшү баарынан көп Ош шаары жана Ош облусунда катталган, тагыраагы, 88 наристе туулган. Жалал-Абад дубанында 57 бөбөк жарыкка келген. Ал эми Бишкекте 52 эне көз жарган.
2023-жылы Кыргызстанда ымыркайларга кандай ысымдар көп коюлду? Тизме