Радио

Стилист 2024-жылы кайсы түс мода болорун айтты

Стилист Гүлзат Орчунова жарашпаса деле моданын артынан кууп кийинген туура эместигин түшүндүрдү.
Sputnik
Ар жыл сайын Pantone деген аталыштагы түстөр институту кайсыл өң мода болорун аныктайт. 2024-жылы шабдалы түсүндөгү өӊдөр трендде болот. Бул тууралуу Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарашпаса деле моданын артынан кууп кийинген туура эмес.
"Pantone түстөр институту жыл сайын оюна келген эле түстү жылдын өӊү деп жарыялай бербейт. Бул мода тармагынын дүйнөдө болуп жаткан окуяларга жана абалга болгон реакциясы десек болот. Мисалы, буга чейин адамдар пандемиядан соӊ күӊүрт түстөгү кийим-кечелерге басым жасап кеткен. Ал эми бул түстү дизайнер өзүнүн коллекцияларында колдонуп, подиумга чыгарышат. Стилисттер ошол кийимдердеги ашыкча элементтерди алып салып, адамга ыӊгайлуу кылып даярдап берет. Pantone түстөр институту аныктаган өӊдү мода деп эле колдонушу да зарыл эмес. Алсак, азиат түспөлдөш адамдардын териси карараак болгондуктан бул өӊ аларга жарашпай калат. Мисалы, анын ар кандай өӊдөрүн колдонсо болот. Биз шабдалы түсүнүн күңүртүрөөк жана ачыктарын тандасак жарашат. Кытай гороскобу боюнча, 2024-жыл кызыл ажыдаар жылы болгондуктан кызыл, алтын, күмүш түстөр дагы актуалдуу болот. Жаӊы жылдык кечелерде бул түстөрдөгү кийимдер кийилди. Ал эми жазында аялдар өзүнө карап тандаганы жакшы. Ал эми шабдалы түсүндөгү бут кийим, сумка, кур тагына берсе болот", — деди Орчунова.
Ал бул жылы да кийимдердеги сызыкча трендде болуп, эко-тери жана жинсы тканы аралаш тигилген кийимдер көп кийилерин кошумчалады.