2023-жылы Кыргызстанда ымыркайларга кандай ысымдар көп коюлду? Тизме

Өткөн жыл ичинде төрөлгөн кыздарга эң көп коюлган ат — Салиха, эркек балдарга көп ыйгарылган ысым — Мухаммад болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылы өлкөдө ымыркайларга эң көп ыйгарылган ысымдарды тизмектеди.
Төмөндөгү сандар өткөн жылдын 11 айындагы (январдан баштап ноябрдын аягына чейинки) көрсөткүчтөр:
Кыздарга арбын коюлган аттар жана саны:
Салиха — 3 878;
Амина — 2 926;
Фатима — 2 897;
Алия — 2 838;
Раяна — 2 529;
Сафия — 2 526;
Альфия — 2 522;
Айлин — 2 503;
Аиша — 2 219;
Аруузат — 2 126.
Кыргызстандыктар кыздарына эң көп койгон ат – Салиха жана Амина болгон. Салиха – араб сөзү, "жакшы", "боорукер", "такыба" деген маанини туюндурат. Аталган ысым ислам динин тутунган өлкөлөрдө көп. Амина – назик, тумардай сактоого, коргоого ылайыктуу дегенди билдирет.
Эркек балдарга көп коюлган аттар жана анын саны:
Мухаммад — 6 176;
Умар — 4 847:
Али — 3 300;
Амир — 2 621;
Алихан — 2 275;
Билал — 2 263;
Алинур — 2 155;
Усман — 2 095;
Нурислам — 1 866;
Эмир — 1 748.
Кыргызстанда 2022-жылы ымыркайларга кайсы ысым көп ыйгарылган? Рейтинг