БИШКЕК, 1-янв — Sputnik. Белгороддо болгон окуя — теракт, карапайым элге карата жасалган, пландалган чабуул. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путиндин айтканын РИА Новости жазды.
"Алар Жаңы жылдын алдында эл сейилдеп, көңүл ачып жүргөн аянтты залп менен аткылашкан. Бул — жай жарандарды атайылап аткылоо. Албетте, бул — теракт. Биз өздөрүндөй кылып жооп беришибиз керекпи? Арийне Киевдеги же башка кайсы гана шаар болбосун аянтка сокку ура алабыз, түшүнүп турам, каным кайнап турат, бирок жай жарандарды аткылаш керекпи? Жок, биз аскердик объектилерге сокку урабыз, ошондой кылабыз", — деди Россия президенти.
Путин Украина Россиянын душманы эместигин, ал эми РФтин стратегиялык жактан жеңилүүсүн каалагандар аларга кас экенин белгилеген.
Президенттин айтымында, Киев РФтин ичинде ишенимсиздик жаратып, коркутууну каалаганын, бирок Россия Киевдин аскердик объектилерине сокку урууну көбөйтөрүн айткан.
"Алар бизди коркутуп, өлкөнүн ичинде ишенимсиздикти жараткылары келет, биз чабуулду күчөтөбүз, карапайым калкка каршы жасалган бир дагы кылмыш жазасыз калбайт", — деген Путин.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Украинадагы атайын аскердик операция аймагынан согуш талаасында кырдаал өзгөрүп, душман "калтаарып калды".