Ошто кандай салют атылды. Видео

Ош шаарынын борбордук аянтындагы иш-чарага 20 миңден ашуун адам чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2024-жылга караган түнү Ош шаарынын борборунда көз жоосун алган жаңы жылдык салют атылды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Майрамдык программанын алкагында түштүк борбордун жашоочуларына бий жана музыкалык, студенттик топтордун концерти тартууланган.
1 / 3

2024-жылга караган түнү Ош шаарынын борборунда көз жоосун алган жаңы жылдык салют атылды

2 / 3

Майрамдык программанын алкагында түштүк борбордун жашоочуларына бий жана музыкалык, студенттик топтордун концерти тартууланган

3 / 3

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков калаа тургундарын жана конокторду Жаңы жылы менен куттуктаган

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков калаа тургундарын жана конокторду Жаңы жылы менен куттуктаган.
Бишкектиктер Жаңы жылды кантип тосушту? Видео