Кыргызстанга которулган акчанын 90%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет

Быйылкы январь-октябрь ичинде өлкөгө 1 миллиард 611,9 миллион доллар которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв — Sputnik. Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 91,8 пайызы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келет. Улутттук статистика комитетинин жеке жактардын транзакциясы боюнча жарыяланган маалыматтарынан кийин жогорудагыдай тыянакка келүүгө болот.
Былтыркы январь-октябрь ичинде өлкөгө 1 миллиард 611,9 миллион доллар которулган. Анын ичинен Россиядан 1 миллиард 464 миллион 60 миң доллар, Казакстандан 16 миллион 250 миң доллар келген.
Армения, Беларустун маалыматтары (КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүктө Россия менен Казакстан өзүнчө белгиленген) берилбесе да, аларды кошпогондо Кыргызстанга келген акчанын кеминде 91,8 пайызы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келгенин байкоого болот.
Эске салсак, адатта мигранттардан келди деген которууларга башка транзакциялар да кошулуп кетет. Каражат ар кыл валюталарда түшөт, бирок доллар эквивалентинде эсептелет.
Былтыр микрокредиттик компаниялар 39,2 млрд. сом насыя берген. Статистика