Радио

Кыргызстанга келген чет элдик турист күнүнө 30-100 доллар коротот

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Кыргызстан географиялык түзүлүшү, климаты, туризми жагынан бир гана Швейцарияга окшош экендигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанга келген чет элдик турист күнүнө орточо 30-100 доллар коротуп, эс алып кете алат. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туризми өнүккөн мамлекеттерде чет элдик эс алуучулар 50-500 доллар ортосунда акча сарптап, ал өлкөнүн көрсөткөн кызматынан пайдаланат.
"Кыргызстан географиялык түзүлүшү, климаты, туризми жагынан бир гана Швейцарияга окшош. Жадагалса, суулардын, көлдөрдүн саны, алардын көлөмү жагынан да айырмаланбайт. Бирок эки өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүндө чоң айырма бар. Туристтер үчүн түзүлгөн шарты жана инфраструктуранын абалы ал жерде жогору. Мисалы, Кыргызстанга келген чет элдик турист күнүнө орточо 30-100 доллар коротуп, эс алып кетсе, туризми өнүккөн Швейцарияда эс алуучулар 50-500 доллардын тегерегинде акча сарптайт. Биз кызмат көрсөтүүнүн, тейлөөнүн жогорку стандарттарын үйрөнүп, инфратүзүмдү оңдошубуз керек. Калган кээ бир аспектилер боюнча эч кимден кем калбайбыз", — деди Кенжематова.
Ошондой эле адис Кыргызстан кышкы жана жайкы туризмди өнүктүрүүдө, ден соолукту чыңдоодо, альпинизм багытында артыкчылыктары бар экендигин кошумчалады.