Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевдин Россия менен чатагы боюнча күтүүсүз билдирүүсү

Эксперт украин бийлигинин маалыматтык саясат жактан ийгиликсиз кадамы боюнча буга чейин бир нече ирет айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Украина маалыматтык согушта Россиядан жеңилди. Бул туурасында Анализ жана менеджмент саясаты боюнча украиналык институттун директору Руслан Бортниктин айтканын РИА Новости жазды.
"Украинанын келечегине, жеңишке болгон ишеними жаатында айтсак, Украина ичинде да, сыртында да жеңилип жатабыз. Бул бардык социологияны көрсөтүп турат", — деп айткан ал "Новини Live" ресурсунун YouTube каналына берген маегинде.
Эксперттин айтымында, социологиялык изилдөөлөр коомчулуктун телепропагандага болгон ишениминин бир топ эле түшүп кеткенин көрсөткөн. Ал Украина маалымат алууда Telegram каналдарына көбүрөөк ишенерин айткан. Аналитик бул мессенжерде россиялык медиа басымдуулук кылат деп эсептээрин белгилеген.
"Бул маалыматтык согушта утулдук, кабарлап, айтып, түшүндүрүп берүүдө да алдырып жатабыз", — деген Бортник.
Эксперт украин бийлигинин маалыматтык саясат жактан ийгиликсиз кадамы боюнча буга чейин бир нече ирет эскертен эле.
Анын айтымында, Киев пропагандасынын ийгиликсиздиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнө ыктыярчылардын агымынын азайышы сыяктуу көйгөйлөрдү алып келе баштады. Саясат таануучу Украина өзүн-өзү маалыматтык туңгуюкка каптады деп эсептейт. Эксперт Киев бийлигинин оптимисттик билдирүүлөрүнө өзүнүн жарандары да, Батыш союздаштары да ишенбестигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Батыш менен Украина жакын арада көңүл чөктүргөн кабар угат