Майрамдоодон кийин "Ала-Тоо" аянтынан таштанды былтыркыдан аз чыгарылды

"Тазалык" ишканасы Бишкектин жашоочуларына ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жаңы жыл майрамына карата "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлгөн майрамдык иш-чарадан кийин төрт тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкананын 60 кызматкери атайын алты техника менен "Ала-Тоону" тазалаган.
1 / 2

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жаңы жыл майрамына карата "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлгөн майрамдык иш-чарадан кийин төрт тонна таштанды чыгарды

2 / 2

Маалыматка ылайык, ишкананын 60 кызматкери атайын алты техника менен "Ала-Тоону" тазалаган

"Өткөн жылдагы Жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу борбордук аянтта киши көп болду. Тактап айтканда, 15 000дин тегерегин түздү, ал эми таштанды бир тоннага аз чыкты. Бул Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданиятынын жогорулаганынан жана жашоочулардын шаарга кылдат мамиле жасай баштаганынан кабар берет", — деп айтылат мэриянын маалыматында.
Ошондой эле "Тазалык" ишканасы бул үчүн шаар жашоочулары менен конокторуна ыраазычылык билдирген.
Өткөн жылы "Ала-Тоодон" беш тоннадан ашык таштанды чыгарылган.
Радио
Болгомбаев: окуучуларды шаарды таза кармоого үндөш керек