БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында курулган муниципалдык мал базар пайдаланууга берилди. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган мал базарды куруу үчүн шаардык мэрия тарабынан 1,5 гектар жер бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен 22,8 миллион сом каралган.
Натыйжада базардын айланасы тосулуп, бастырмалар орнотулуп, үстү жабылган. Ошондой эле малды жүктөп түшүрүүчү жайлар, санитардык өтмөктөр, трансформатор, жарыктандыруу, суу сактагычтар, административдик имарат салынган.
Базардын ичине 1000 баш майда жандык, 500 баш бодо мал батат. Курулуш иштери 2023-жылдын март айында башталган болчу.