2-январга карата аба ырайы

Бишкекте телефон менен кыз отургучта отурат. Архив
2-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 8-10, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жылдын экинчи күнү, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +8…+10, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус болору айтылды.
Борбор калаада термометр +7…+9, ал эми Ош шаарында +8…+10 градусту көрсөтөт.
Новогодняя елка на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Кар жаайбы? Жаңы жылдын алгачкы айы январга карата аба ырайы