Радио

Исмагулова: смартфонду ашыкча колдонуу ууланууга алып келет

КРдин эмгек сиңирген дарыгеры Айша Исмагулова смартфонду ашкере колдонуунун кооптуулугун айтты.
Sputnik
Смартфон, гаджеттерди уктоочу бөлмөдөн алыс кармоо керек. Андан бөлүнгөн нурлар ден соолукту ууландырат. Бул тууралуу Айша Исмагулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, смартфондон бөлүнүп чыккан нурларды кадимки рентген нурларына теңесе болот.

"Смартфондун жашоону жеңилдеткен пайдасы көп. Бирок аны ашкере колдонуу, бардык эле нерсени чегинен көп пайдалангандай эле зыянын тийгизет. Өзгөчө гаджеттерди уктоочу бөлмөдөн алыс кармоо керек. Анткени андан альфа, бетта, гамма деген нурлар бөлүнүп чыгат. Муну кадимки рентген аппаратынын нурларына салыштырса болот. Мээ үчүн биз рентген нурларын ашыкча колдонуу зыян дейбиз да, ошол эле учурда смартфондорду башыбызга коюп жатабыз? Ал эле эмес, бала жаңы төрөлгөндөн тарта жанына смартфон коюп, интернет аркылуу музыка угузуп баласын уктаткан ата-энелер көбөйдү. Бул күндө кайталанса чүрпөнүн акыл-эс жактан өрчүшүнө кедергисин тийгизет. Ошондой эле чоң кишилер да аны күнү-түнү жанынан чыгарбай көтөрүп жүрүп, өздөрү байкабай организмин ууландырышат", — деди Исмагулова.

Ал балдардын дени сак жана дүйнө таанымы кенен болуп чоңоюшу үчүн жадыбал жаттатып, жомок окуп берип, түрдүү спорттук көнүгүүлөрдү жасатып жүрүү зарылдыгын кошумчалады.